16:36
-ж., 23-сентябрь
17-18-19-май күндөрү Улуттук филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестри Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында концерт берет.
Анда Marvel Cinematic Universe, Lukasfilm, Miramax Films, 20th Century Fox аттуу дүйнөлүк ири киностудиялардын: «Мстители», «Форсаж», «Миссия невыполнима», «Игра престолов», «Стражи Галактики», «Терминатор», «Тихоокеанский рубеж», «Звездные войны», «Профессионал», «Убить Билла», «Розовая пантера» жана башка тасмалардын эксклюзивдүү саундтректери жана мукам ырлар ойнолот.
Дирижер – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Нур Өмүрбаев.
Концерттин алып баруучусу – Эл аралык «Жылдын тандоосу» сыйлыгынын лауреаты, маданияттын мыкты кызматкери Анна Алябьева.
Комментарийлер