• Башкы бет
  • Кыргызстанда былтыркы жылы эки эсе көп балык өндүрүлгөн
11:28, -ж., 8-май

Кыргызстанда былтыркы жылы эки эсе көп балык өндүрүлгөн

Кыргызстанда былтыркы жылы эки эсе көп балык өндүрүлгөн

Кыргызстанда былтыр 20 729 тонна товардык балык өндүрүлдү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Балык чарба департаментинин маалыматы боюнча 2021-жылы 10 344 тонна балык өндүрүлгөн. Анын 5 183 тоннасы экспорттолгон. Былтыр 6 871 тонна чет өлкөгө чыгарылды.

Быйыл Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Кыргызстандын ветеринардык кызматына Орусияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын билдирип,  балык чарбачылыгы менен алектенген компанияларды текшерүүнү сураган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Балык өндүрүү

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...