• Башкы бет
  • Жалал-Абадда чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүү фактысы аныкталды
15:10, -ж., 6-май

Жалал-Абадда чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүү фактысы аныкталды

Жалал-Абадда чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүү фактысы аныкталды

Бүгүн, 5-майда Ала-Букада чек арачылар мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүү фактысын токтоткондугун билдиришти.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргызстандык жаран 22 баш ири мүйүздүү малды Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап, андан ары сатууга аракет кылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган малдын баасы 1 миллион 500 миң сомдон ашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чек ара

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...