• Башкы бет
  • Оштогу муниципалдык жерлер иретке келтирилет
15:04, -ж., 6-май

Оштогу муниципалдык жерлер иретке келтирилет

Оштогу муниципалдык жерлер иретке келтирилет

Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө жана кум-шагыл аралашмаларын натыйжалуу иштетүү үчүн укук алган компаниялардын ижара төлөмдөрүн шаар казынасына түшүрүү негизги максат.

Бул багытта Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин, Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Адилет Мокеевдин, муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Мында жайыт жерлерди берилген багыты боюнча иштетүү тартиби каралып, укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш-пикирлер айтылып, муниципалдык мекеме-ишканаларга тийиштүү тапшырмалар берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...