
15:02, -ж., 6-май
Ош шаарында "Социалдык келишим" долбоору боюнча жардам алгандар менен жолукту

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Социалдык келишим” долбооруна катышкан шаар тургундарынын ишмердүүлүгү менен жеринен барып таанышып, суроо талаптарын укту.
Долбоорго катышкан үй-бүлөлөр негизинен мал чарбачылыгы, кийим тигүү, соода-сатык, тамак-аш жана такси кызматын көрсөтүү, тейлөө багытында чакан бизнес долбоорлорду ишке ашырып, жолго коюшкан.
Жолугушууда шаар башчысы долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүлөрүн белгиледи. Ошондой эле ишкердик багытында натыйжа көрсөтө алгандарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги түшүндүрүлдү.
Эскерте кетсек, буга чейин жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, эмгектик потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тотомунун негизинде Ош шаарындагы 50 үй-бүлөгө социалдык контракт долбоорунун алкагында жүз миң (100 000) сомдон акча каражаты берилген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер