• Башкы бет
  • Ош: шаардын четиндеги айылга 150 орундуу мектеп курулат
15:00, -ж., 6-май

Ош: шаардын четиндеги айылга 150 орундуу мектеп курулат

Ош: шаардын четиндеги айылга 150 орундуу мектеп курулат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алмалык айылынын тургундары менен жолукту.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлүү деген маселеси катары айылды толугу менен Ош шаарынын курамына кошуп алуу зарылчылыгын айтышты.

Бүгүнкү күндө жашоочулар Ош шаарынын тургундары болгону менен жери Ноокат районуна караштуу. Андыктан документ алуу иштеринде кыйынчылыктар көп экендигин кошумчалашты.

Шаар мэри Бакытбек Жетигенов айыл жашоочуларынын суранычын орундатуу да жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрүп, жардам жана колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Ошондой эле аталган айылда эскилиги жеткен мектептин ордуна 150 орундуу жаңы мектеп курула турганын билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Алмалык айылы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...