• Башкы бет
  • Ошто Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди
14:59, -ж., 6-май

Ошто Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди

Ошто Конституциянын  кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 5-майда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош шаарынын тургундары катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн чагылдырган театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгы жана Р.Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын таланттары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ош шаарындагы легендарлуу парламенттин депутаттарына шаар бийлиги тарабынан туңгуч баш мыйзамды кабыл алууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык иретинде белектер берилди.

Эске салсак, 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши XII сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган. Ошол учурдан тарта Кыргызстан Республикасы Кыргыз Республикасы деп атала баштаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Конституция

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...