14:20, -ж., 4-май

Ошто "Өлбөс полк" акциясы өтөт

Ошто "Өлбөс полк" акциясы өтөт

Иш-чара жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушта Мекен үчүн күрөшкөн жоокерлердин жаркын элесине таазим кылуу максатында өткөрүлүп келет. Акцияга фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери, ошондой эле туугандары, жакындары катыша алат.

Жөө жүрүшкө катышуу үчүн, А3 форматтагы вертикалдуу баракта фронттогу жоокерлердин сүрөттөрүн алып келүү зарыл.

Катышуучулар 2023-жылдын 9-майында саат 8:30да Ленин көчөсүндөгү «Ош Нуру» мейманканасынын жанында чогулат.

Эскертүү: Ар бир сүрөт кыскача мазмуну менен коштолушу керек. Мисалы: “Менин чоң атам (тууганым) Асан Асанов. 1941-жылдан 1944-жылга чейин согушкан. Ал жөө аскер болгон жана сыйлыктарга ээ болгон, (сыйлыктын аталышы же сыйлыктардын тизмеси) жазылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...