16:36
-ж., 23-сентябрь
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук милициясына автоунаа тапшырды. Бул тууралуу аталган милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абадда милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-Май Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүүдө.
«Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өздүк курамынын атынан милициясынын башчысы Жеңишбек Абитовго быйыл чыгарылган автоунаа тапшырды. Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.
Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.
Комментарийлер