
13:49, -ж., 3-май
Ошто эл аралык бий сынагы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын август айында Ош шаарында эл аралык бий сынагы өтөт. Иш-чарага катышууга азырынча Түркия, Индия, Каракалпакстан, Өзбекстан, Казакстан жооп берди. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов билдирген.
Кадыркулов дагы үч мамлекеттен жооп келе электигин айтты. Сынак эки этап менен өтөт. Биринчи бөлүгүндө ар бир мамлекет өзүнүн улуттук бийи менен чыгышат. Экинчи этапта калыстар тобу тарабынан берилген тапшырмаларды аткарышат.
«Баш байгени уткан командага Ташкент шаарына жолдомо берилет. Бул иш-чараны Ош мэриясы атайын чоң сынактарды уюштурган компания менен биргеликте өткөрөбүз. Коноктордун келип-кеткенин, жатакана, тамак-ашын көтөрүп беребиз. Бирок азыр кайсы мамлекеттен канча адам келээри белгисиз. Ошондуктан канча каражат жумшаларын алдын-ала билбейбиз», -дейт ал.
Буга чейин Элдияр Кадыркулов 2023-жылы Ош шаарында өткөрүлүүчү маданий иш-чараларга шаар бийлиги 5 миллион сом каражат бөлгөнүн маалымдаган. Ага ылайык, калаада эл аралык деңгеээлдеги дизайнерлердин көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн фестивалы жана башка саамалыктар өтөт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер