• Башкы бет
  • Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы кызматтан бошотуу сунушун колдоду
13:45, -ж., 3-май

Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы кызматтан бошотуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы кызматтан бошотуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын сунушун карап чыкты. Тийиштүү токтом долбоорун добуш берүүгө катышкан 55 депутаттын 50сү колдоду, бешөө каршы болду.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров Абдрахматова эмненин негизинде кызматтан кетип жатканын сурады. Ал мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн өтө жүйөөлүү себеп болушу керектигин белгиледи.

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Сыдыков акыйкатчынын кызматтан алынуусуна тогуз айдан бери орун басарын дайындабаганы, 21 кызмат орундун бош турганы жана Акыйкатчы институтунда иштеп жаткан 31 кызматкердин жетекчисине нааразычылыгы себеп болгонун айтты.

«91 кызматкердин ичинен 21 орун бош турат экен. Бул Акыйкатчы институту иштебейт дегендик. Иштеп аткан 31 киши митингге чыгып, акыйкатчыны кетирип бергиле деп суранып атат. Мына ушунун баары негиз болду. А негизинен мыйзамга таянып, орун басарынын дайындалбай жатканын негиз кылдык», -дейт ал.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова Кыргызстандын акыйкатчысы болуп былтыр мартта шайланган. Жогорку Кеңеш төрт талапкердин ичинен аны тандаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акыйкатчы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...