
13:42, -ж., 3-май
Муфтият битир-садакадан канча миллион чогулганын айтты

Быйыл Рамазан айында фитир-садакадан 53 млн. сомдон ашуун акча каражаты чогулган. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалагы кабарлады.
Маалыматка ылайык, фитир-садакадан топтолгон каражаттын 60 пайызы тактап айтканда 30 млн. 681миң 082 сом жергиликтүү мечиттерге бөлүнгөн. Хатибияттарга 5 млн. 785 миң 835 сом же 15%, казыяттарга 8 млн. 514 миң 956 сом которулган. Калган 10 пайызы муфтиятта калган.
Бөлүнгөн каражаттар жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 млн. 247 миң 328 сом фитир-садака каражаты топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер