
13:24, -ж., 2-май
Ош облустук кургак учукка каршы ооруканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ош облустар аралык балдардын жана өспүрүмдөрдүн кургак учукка каршы ооруканысынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош облустук прокуратурасынын өкүлү Курманалы Ташкулов билдирген.
«Ооруканадыгы мыйзамдардын аткарылышы жана жарандардан түшкөн арыздарды кошуп текшерүү жүргүзүлүп, жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу жасалганы аныкталды. Алар боюнча кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кайсы берене боюнча жана кимдерге иш ачылганы боюнча кошумча маалыматты тергөө жыйынтыкталганда беребиз», -дейт Ташкулов.
Буга чейин «Т-Медиа» аталган ооруканадагы күмөндүү тендерлер боюнча материал жарыялаган Алардын бири — былтыр декабрда эмерек жана ашканага керектелүүчү идиштерди сатып алууга 152 миң 900 сомго тендер өткөрүлгөн. Анда бир топтом ресторан жабдуулары, бир даана видоискатель, парда, балдахин (Жатак чатырчасы), жалюзи, ашкана жабдуулары, диван, аэрохоккей үчүн стол, жүл килем (ковер с шитым ворсом) жана айнек идиштер сатылып алынган.
Мындан тышкары самын, айна сыяктуу тазалык каражаттарын сатып алуу үчүн да бир нече тендер өткөрүлүп, бир миллион сомго жакын каражат коротушкан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер