
13:43, -ж., 1-май
Өзбекстандын президенти эл аралык келишимди бекитти

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-апрелде Кыргызстан менен чек арадан ID карта аркылуу өтүү боюнча эл аралык келишимди бекитти. Бул тууралуу жергиликтүү Uzdaily басылмасы жазды.
Документке Өзбекстандын президентинин Бишкекке жасаган иш сапарынын алкагында кол коюган. Өзбекстандын башчысы Кыргызстанга быйыл 27-январда келген.
Макулдашууга ылайык, Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары өлкөнүн чек арасынан ID карта аркылуу өтө алышат.
Буга чейин кирип-чыгууда жалпы жарандык паспорт талап кылынып келген.
Мындан ары жарандардын кирүүсү жана чыгуусу электрондук каттоого гана алынып, паспортко мөөр бастыруу зарылдыгын жокко чыгарат. Бул транспорт менен жүргөн жарандарга да тиешелүү болот.
Кыргызстан Өзбекстан үчүн ID карта менен кирип-чыгууга уруксат берген биринчи өлкө болуп саналат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер