
13:33, -ж., 1-май
Баткен шаарында үч өлкөнүн делегациясы чек ара маселесин талкуулашты

25-29-апрель күндөрү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара маселеси талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин 30-апрелдеги маалыматына караганда, жолугушуу Баткен шаарында өтүп, ага үч өлкөнүн өкмөттүк делегациялары катышты.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү”, — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.
Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтмөй болду.
Үч өлкө орток чек арага ээ. Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара тилкеси 970 чакырымды түзөт, анын 519у такталган. Ал эми Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнүн президент Садыр Жапаров быйыл январда өзбек жетекчиси Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде айткан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер