16:36
-ж., 23-сентябрь
Баткен облусунда акыркы бир жумада 986 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Баткен ЖКККБ тараткан маалыматка ылайык, мас абалында унаа башкарган — 20, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок айдаган — 18, кыймылдын белгиленген ылдамгынан ашырып айдаган — 122, башка ар кандай жол эрежелерин бузган — 826 учур аныкталган.
Убактылуу токтотуучу айып короого 29 унаа киргизилген.
Баткен ЖКККБ бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырган.
Комментарийлер