• Башкы бет
  • Жалал-Абадда төрт күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт
12:19, 2023-ж., 31-март

Жалал-Абадда төрт күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Жалал-Абадда төрт күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгү алмаштырыларына байланыштуу Жалал-Абад шаарында 5-апрелден 9-апрелге чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Компаниянын «Түштүктрансгаз» филиалы «Майлуу-Суу-4-Ош» магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгүн алмаштырууну пландаган.

Жумуштун мындай түрлөрү күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жана 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Газ

Комментарийлер

live comments feed...