• Башкы бет
  • Жаныбек Абакировдун бош калган мандатынын ордуна шайлоо дайындалды
15:20, 2023-ж., 30-март

Жаныбек Абакировдун бош калган мандатынын ордуна шайлоо дайындалды

Жаныбек Абакировдун бош калган мандатынын ордуна шайлоо дайындалды

Бишкекте Жаныбек Абировдун бош калган мандатынын ордуна эл өкүлүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 

Шайлоону өткөрүүгө 1 округдук шайлоо комиссиясы жана 51 УШК ишке киришти.

27-мартта бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча шайланган депутат Жаныбек Абиров өз арызы менен мандатын тапшырган.

Ага чейин эл өкүлүнүн ресторандардын биринде белгисиз жаранды ур-токмокко алган видеосу тарап, сынга кабылган. Бул окуядан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Себеби, Абиров депутаттык кол тийбестикке ээ жана аны жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек эле.

15-мартта Жогорку Кеңеште Абировдун иши боюнча комиссия түзүлгөн. Алардын чечими 10-30 күн ичинде чыкмак.

28-мартта мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков да катыша турганын билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шайлоо

Комментарийлер

live comments feed...