• Башкы бет
  • Кара-Сууда атырга ууланган окуучулардын абалы канааттандырарлык,-дарыгер
15:19, 2023-ж., 30-март

Кара-Сууда атырга ууланган окуучулардын абалы канааттандырарлык,-дарыгер

Кара-Сууда атырга ууланган окуучулардын абалы канааттандырарлык,-дарыгер

Кара-Суудагы мектепте ууланып ооруканага жаткырылган окуучулардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын нөөмөттөгү дарыгери Тамырлан Абдыкадыров «Т-Медиага» билдирген. 

Дарыгердин мааалыматында кечээ ооруканага атырдын жытына ууланганын айтып жалпы 44 окуучу кайрылган. Алардын 18и дарыгердин көзөмөлүндө калып, калганы биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Беш окуучу жандардыруу бөлүмүнө жаткырылып, бүгүн абалы жакшыргандан соң чыгарылды.

«Келгенде абалы оор 5 бала дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кийин абалы жакшыргандан соң бөлүмгө которулду. Калган бейтаптарын азыркы абалдары дээрлик канааттандыраарлык. Балдар белгисиз затка ууланган. Өздөрүнүн айтуусу боюнча атырдын жытына. Бирок бизде так маалымат жок. Жакын арада отурган балдардын абалы бираз кооптуураак болуп, башы, ичи ооруп, колдору карышып, титиреп жатты. Баарына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлдү» — деди Абдыкадыров. 

29-мартта Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучулары ууланып ооруканага түшкөнү кабарланган. Алардын 43ү бир класстын, бирөө башка класстын окуучусу.

Балдардын эмнеге ууланганы тактала элек. Бейтаптардын маалыматы боюнча атырдын жытына ууланган болушу мүмкүн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кара-Суу району

Комментарийлер

live comments feed...