• Башкы бет
  • Кыргызстандын жаачылары Азия чемпионатынан олжолуу кайтышты
13:19, 2023-ж., 29-март

Кыргызстандын жаачылары Азия чемпионатынан олжолуу кайтышты

Кыргызстандын жаачылары Азия чемпионатынан олжолуу кайтышты

Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Чымкет шаарында өткөн Азия кубогунда 11 медаль — 6 алтын, 5 күмүш жеңди.

Мелдеш 19-22-март күндөрү өтүп, 13 мамлекеттен барган 153 спортчу катышты. Чемпионат алтай (кыргыз эрежеси), түрк жана казак эрежелери боюнча өттү.

Кыз-келиндер арасында Асел Садырова түрк эрежеси боюнча 1-орун, алтай стилинде 2-орунду  ээледи. Ал эми Улан Араев түрк стилинде жана алтай стилинде 1-орунду камсыз кылды. Ынтымак Мурадил уулу түрк жана алтай стилинде 2-орунду ээлеген.

Түрк путасы боюнча Улан Араев 1-орун, Ынтымак Мурадил уулу 2-орун жана Асел Садырова 1-орунду ээлешти. Алтай путасы боюнча Улан Араев 1-орун жана Ынтымак Мурадил уулу 2-орунду камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы  командалык эсеп боюнча экинки орунду ээледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жаа атуу

Комментарийлер

live comments feed...