• Башкы бет
  • Шамил Ибрагимов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды
13:15, 2023-ж., 29-март

Шамил Ибрагимов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Шамил Ибрагимов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

«Сорос-Кыргызстан» фондунун мурдагы аткаруучу директору Шамил Ибрагимов билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Шамил Ибрагимов 2023-жылдын 1-январында «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору кызматынан кеткен. Ал 2012-жылдан бери фондду жетектеген.

Билим берүү жана илим министри 6-мартта алмашып, экс-депутат Каныбек Иманалиев дайындалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шамил Ибрагимов

Комментарийлер

live comments feed...