• Башкы бет
  • Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды
13:13, 2023-ж., 29-март

Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Ренат Айтымбетов жана Жазгүл Кийизбаева Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге 25-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аларды эмгек жамаатына Президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев тааныштырды.

Ошондой эле министрдин мурдагы орун басарлары Абдисамат Сагымбаев менен Айдарбек Мамбеткадыров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан бошотулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Комментарийлер

live comments feed...