• Башкы бет
  • Кыйноолорго каршы улуттук борбору Жалал-Абаддагы милиция бөлүмдөрүндө текшерүү жүргүздү
13:08, 2023-ж., 29-март

Кыйноолорго каршы улуттук борбору Жалал-Абаддагы милиция бөлүмдөрүндө текшерүү жүргүздү

Кыйноолорго каршы улуттук борбору Жалал-Абаддагы милиция бөлүмдөрүндө текшерүү жүргүздү

Кыйноолорго каршы улуттук борбору Жалал-Абад облусунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнө текшерүү жүргүзүп, укук бузууларды аныктаганын кабарлады, деп жазат "Т-Медиа".

Борбордун маалыматында текшерүү учурунда соттун чечими менен эки айга Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камалышы керек болгон шектүүлөр Ала-Бука жана Аксы райондорундагы убактылуу кармоочу жайларында отурганы маалым болду.

Ошондой эле, Кара-Көл шаарындагы убактылуу кармоочу жайда душ, даараткана жана желдетүү системасы, муздаткычтар иштебей турат. Санитардык нормалар толук сакталган эмес.

Кыйноолорго каршы улуттук борборунун кызматкерлери Чаткал районунун В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатында текшерип, тамак-аш мыйзамда белгиленген нормалардан аз берилип жатканын аныктаган. Ар бир балага 350 граммдан берлиши керек болгон тамак, текшерүү учурунда 130-140 грамм гана болуп чыккан.

Бул аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү каттар жөнөтүлдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жалал-Абад

Комментарийлер

live comments feed...