• Башкы бет
  • БШК Жаныбек Абировду мандатынан ажыратты
13:26, 2023-ж., 28-март

БШК Жаныбек Абировду мандатынан ажыратты

БШК Жаныбек Абировду мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратты. Мындай чечим 27-мартта кабыл алынганын аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу ыйзамга ылайык, Бишкектин Ленин райондук округунда кайрадан шайлоо өтөт.

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына арыз жазганын бүгүн, 27-мартта «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жаныбек Абиров

Комментарийлер

live comments feed...