• Башкы бет
  • Өзгөндөгү көчкү жүргөн аймакка 7 миң түп көчөт эгилди
13:22, 2023-ж., 28-март

Өзгөндөгү көчкү жүргөн аймакка 7 миң түп көчөт эгилди

Өзгөндөгү көчкү жүргөн аймакка 7 миң түп көчөт эгилди

Өзгөндө Жалпак-Таш аймагындагы көчкү жүргөн тилкеге 7 миң түп көчөт тигилди. Анын 5 миңин студенттер отургузду, деп жазат "Т-Медиа".

Көчөттөр көчкүдөн жабыркаган аймакты жашылдандырып, калыбына келтирүү максатында тигилди. Аны Ага-Хан фонду каржылап, 500 миң сомдук көчөт алынган. Даракты отургузууга Ош мамлекеттик университетинин география адистигинде окуган 23 студент көмөктөшүштү.

“Бул иш чаранын география үчүн мааниси чоң. Анткени бак дарактардын тигилиши токой аянттарынын кеңейишине, ошол эле учурда топурактын жана жер кыртышынын бекемделүүсүнө өбөлгө түзүп, жер көчкүнүн кайрадан пайда болуу коркунучунун алдын алат. Жаратылыш бизге ар дайым эскертип турат. Биз жаратылышка жасаган мамиле сөзсүз өзүбүзгө кайтат. Биз 2017 — жылкы каргашалуу окуя кайра кайталанбастыгы үчүн мындай кең көлөмдүү көчөт тигүү акцияларын көбүрөөк өткөрүп турушубуз керек”— дейт көчөт отургузууга катышкан студенттердин бири Амантур Жыргалбек уулу.

Аймактарга көчөт отругузууну 2017-жылы Өзгөндө болгон ири жер көчкүдөн кийин Табият таануу жана география факультетинин окутуучусу, токой иштери боюнча адис Абдижапар Акулов демилгелеген.

Быйыл 22-мартта Жалпак-Таш айыл аймагынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн. м3 жер көчкү түшкөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Өзгөн

Комментарийлер

live comments feed...