• Башкы бет
  • «Альфа Телекомдун» мурдагы башчысы кармалды
13:19, 2023-ж., 28-март

«Альфа Телекомдун» мурдагы башчысы кармалды

«Альфа Телекомдун» мурдагы башчысы кармалды

«Альфа Телекомдун» мурдагы башчысы жабдууларды жогорулатылган баа менен сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында «Альфа Телекомдун» IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, зыяндын эсеби 20 миллион сомго жакын деп эсептелген. Далилдердин негизинде шектүү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому «Мегаком» бренди менен белгилүү. Ишкана 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин мамлекетке өтүп, соттук теришитирүүлөр жүрүп келет. Анын аталышы былтыр MEGA болуп өзгөргөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мегаком

Комментарийлер

live comments feed...