• Башкы бет
  • "Унаа" мамлекеттик мекемесинде мүчүлүштүктөр пайда болду
16:05, 2023-ж., 27-март

"Унаа" мамлекеттик мекемесинде мүчүлүштүктөр пайда болду

"Унаа" мамлекеттик мекемесинде мүчүлүштүктөр пайда болду

Бүгүн, 27-мартта «Унаа» мамлекеттик мекемесинин транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутумунда мүчүлүштүктөр пайда болду. Бул тууралуу аталган мекемеинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мүчүлүштүктөрдүн себептери мекеменин ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлардан улам келип чыккан. Азыркы учурда бузулуулардын себептерин жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Каттоо бөлүмүнө баруудан мурун 0312 63 31 74 номерине чалып маалымат алууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мекеменин ишинде мүчүлүштүктөр бир нече күндөн бери болуп жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазышкан. Мындан улам «Унаа» мекемесинде кезек күткөндөр көбөйгөнү тууралуу видеолор интернетке тараган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Унаа мекемеси

Комментарийлер

live comments feed...