14:08
-ж., 29-февраль
Ички иштер министрлиги Кыргызстан аркылуу баңгизаттын ири партияларын ташууга адистешкен эл аралык топтун ишине бөгөт коюлганын билдирди.
Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Алматы шаарында Тажикстандын 37 жаштагы жаранын кармашкан. Ал героинди Ооганстандан Кыргызстан аркылуу алып чыгып, сатуу агымын уюштуруучу деп аныкталган.
Шектүү 100 килограммдан ашык героин ташууга жана сатууга айыпталып жатат. Баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң долларды түзөт.
Учурда топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Комментарийлер