• Башкы бет
  • ИИМ: Баңгизат ташыган эл аралык ири топтун ишине төгөт коюлду
16:00, 2023-ж., 27-март

ИИМ: Баңгизат ташыган эл аралык ири топтун ишине төгөт коюлду

ИИМ: Баңгизат ташыган эл аралык ири топтун ишине төгөт коюлду

Ички иштер министрлиги Кыргызстан аркылуу баңгизаттын ири партияларын ташууга адистешкен эл аралык топтун ишине бөгөт коюлганын билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Алматы шаарында Тажикстандын 37 жаштагы жаранын кармашкан. Ал героинди Ооганстандан Кыргызстан аркылуу алып чыгып, сатуу агымын уюштуруучу деп аныкталган.

Шектүү 100 килограммдан ашык героин ташууга жана сатууга айыпталып жатат. Баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң долларды түзөт.

Учурда топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...