• Башкы бет
  • Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
15:51, 2023-ж., 27-март

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бүгүн, 27-март абанын температурасынын жогорулашына жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымындагы Сөөк ашуусу, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышуу керек. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ӨКМ

Комментарийлер

live comments feed...