• Башкы бет
  • Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды
15:46, 2023-ж., 27-март

Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров («Мекенчил») мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазганын билдирди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, арыздын сүрөтүн жарыялады.

Ал өзү катышкан мушташ талкуу жаратканын, окуянын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жатканын белгилеген. Ошондой эле мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтты. Депутат ошондой эле шайлоочуларынан, сабалган жигиттен, анын үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан кечирим сурады.

«Ушуга байланыштуу мен окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен  депутаттык мандатымы тапшыруу чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок. Анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 миң 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин депутаттык кызматты мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм», -дейт Абиров.

12-мартта соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видео тарап, анда белгисиз адамды сабап жаткан киши депутат Жаныбек Абировго окшош экенин айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жаныбек Абиров

Комментарийлер

live comments feed...