• Башкы бет
  • Жалал-Абад мэриясы электроавтобустарды сатып салат
15:34, 2023-ж., 27-март

Жалал-Абад мэриясы электроавтобустарды сатып салат

Жалал-Абад мэриясы электроавтобустарды сатып салат

Жалал-Абад мэриясы электроавтобустарды сатып алуу үчүн 100 миллион сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу "Т-Медиа" мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.

Мэрия 100 миллион сомго он электроавтобус жана аларды кубаттоочу үч станция сатып алууну пландап жатат. Техникалык шарттарда автобустардын узундугу сегиз метрден кем эмес болушу керектиги жазылган. Ошондой эле ичи элүү кишиге ылайыкташып, 17 орундук болуусу шарт.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, калаада муниципалдык автобус-троллейбустар дээрлик жокко эсе. Күнүнө 160 коомдук транспорт каттамга чыкса, анын жетөө гана муниципалдык автобустар. Алардын эскилиги жетип, жүргүнчүлөргө шарт да каралган эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жалал-Абад

Комментарийлер

live comments feed...