• Башкы бет
  • Президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда
14:53, 2023-ж., 25-март

Президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда

Президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда

Бишкектеги №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкекте өткөн Борбор Азия IT форумунда билдирди.

Министр дүйнө учурда өтө тездик менен өнүгүп жатканын айтып, санарип технологиялардын жана жасалма интеллекттин доору келгенин белгиледи.

Ошондой эле ал №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалып жатканына токтолуп, IT курстарынын бүтүрүүчүлөрү электрондук бизнести илгерилетүү үчүн программалык продуктуларды жана веб-тиркемелерди иштеп чыгууга жөндөмдүү болушу керектигин билдирди.

«Аймактык шаарларда IT адистерин даярдоочу борборлорду ачуу зарыл, алар жыл сайын 2000ден ашуун адистерди даярдоого тийиш. Биздин максат — дүйнө жүзү боюнча иштеген 10 миңден кем эмес IT адисине жетишүү. Ар бир IT адиси өлкөгө 30-40 миң доллар алып келет жана бул ИДПнын өсүшүнө жылына 400 миллион доллар берет», — деди Иманалиев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Каныбек Иманалиев

Комментарийлер

live comments feed...