Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты

25-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылындагы талаада кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, болжол менен саат 11:20да ачык аянттагы беш сотых жер күйүп баштаган. Өрттү өчүрүүгө төрт күжүрмөн эсеп тартылган. Мындан тышкары Токой чарбасынан 10, Тоң райондук милициядан 12 кызматкер жана 15 жергиликтүү тургун көмөк көрсөтүүдө.
24-мартта Көк-Мойнок 2 айылындагы талаада тутанган өрт кечки саат тогуз жарымдарда толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө куткаруучулар, токой чарбасынын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 140тай киши тартылган. Жакынкы калктуу конуштарга коркунуч жаралган эмес.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Жалын эмнеден тутанганы белгисиз. Болжол менен 50 гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн.
Комментарийлер