• Башкы бет
  • Чүйдө мыйзамсыз майды ташып бараткан 6 унаа кармалды
13:15, 2023-ж., 24-март

Чүйдө мыйзамсыз майды ташып бараткан 6 унаа кармалды

Чүйдө мыйзамсыз майды ташып бараткан 6 унаа кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик менен ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында алты унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып, Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.

Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...