• Башкы бет
  • Жалал-Абадда лицензиясы жок иштеп жүргөн 78 стоматологиялык клиника аныкталды
17:21, 2023-ж., 23-март

Жалал-Абадда лицензиясы жок иштеп жүргөн 78 стоматологиялык клиника аныкталды

Жалал-Абадда лицензиясы жок иштеп жүргөн 78 стоматологиялык клиника аныкталды

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Ал жайлар санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу ж.б. шарттары жок иштеп жүргөн. Мындан тышкары,  юстиция жана салык органдарында катталышкан эмес.

Клиникалар протездөө, имплантация, тиштерди хирургиялык жулуп алуу жана башка жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.

Учурда бул клиникалардын ишмердүүлүгү токтотулуп, салык кызматы жана башка ведомстволор ушул категориядагы медициналык мекемелердин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды изилдеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган. 2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары каралат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жалал-Абад

Комментарийлер

live comments feed...