17:16, 2023-ж., 23-март

Чүй менен Ысык-Көлдө жаан жаайт

Чүй менен Ысык-Көлдө жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 24-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 18…20 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...