• Башкы бет
  • Кыргызстанга Түштүк Кореядан мыйзамсыз унаа тетиктерин ташып келүү фактысы аныкталды
17:13, 2023-ж., 23-март

Кыргызстанга Түштүк Кореядан мыйзамсыз унаа тетиктерин ташып келүү фактысы аныкталды

Кыргызстанга Түштүк Кореядан мыйзамсыз унаа тетиктерин ташып келүү фактысы аныкталды

Кыргызстанга Кореядан жаңы унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан «А.Б.У» ЖЧКсынын дарегине Кореядан Hyundai, Land Rover, Spain автоунаасы, автоунаа тетиктери жана кыймылдаткычтар келип түшкөнү аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда декларацияланбаган 4444 даана унаа тетиги табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5592 кг түзгөн.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Түштүк Корея

Комментарийлер

live comments feed...