• Башкы бет
  • Чехия орус-беларустарга виза берүүнүн мөөнөтүн узартты
17:09, 2023-ж., 23-март

Чехия орус-беларустарга виза берүүнүн мөөнөтүн узартты

Чехия орус-беларустарга виза берүүнүн мөөнөтүн узартты

Чехия Орусия менен Беларустун жарандарына виза берүүгө киргизилген тыюунун мөөнөтүн бир жылга, тагыраагы, 2024-жылдын март айына чейин узартты. Мындай чечимди чех өкмөтү 22-мартта кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин сунушу менен бул тыюу башка өлкөнүн жарандыгы бар орусиялыктар жана беларустарга тиешелүү болот. Ошол эле маалда аларга виза гуманитардык себептерден улам берилиши мүмкүн.

Тыюу Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын жакындарына жана ЕБ аймагында жашап турууга укук алган адамдарга тиешелүү болбойт.

Чехия Украинада согуш башталгандан кийин орусиялыктарга туристтик шенген визаларын берүүнү токтоткон алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон. Сентябрда шенген визасы бар орусиялыктардын Чехияга кирүүсүнө тыюу салынган. Ошол эле маалда аларда Шенген макулдашуусундагы башка өлкөлөр аркылуу кирүү мүмкүндүгү сакталып калган.

ЕБ өлкөлөрү Украинадагы согушка байланыштуу былтыр сентябрда орусиялыктарга шенген визаларын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүүнү токтоткон. Айрым өлкөлөр, анын ичинде Латвия, Литва, Эстония жана Финляндия орус жарандарына виза берүүнү дээрлик толугу менен токтотуп коюшкан.

Согуш башталгандан кийин Чехияда 400 миңден ашык украин жараны убактылуу коргоо макамын алган, бул — Германия менен Польшадан кийинки ЕБ аймагындагы эң жогорку көрсөткүч.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чехия

Комментарийлер

live comments feed...