• Башкы бет
  • Ош шаарындагы маданий иш-чараларга 5 миллион сом бөлүндү
17:05, 2023-ж., 23-март

Ош шаарындагы маданий иш-чараларга 5 миллион сом бөлүндү

Ош шаарындагы маданий иш-чараларга 5 миллион сом бөлүндү

2023-жылы Ош шаарында маданий иш-чараларды өткөрүүгө калаа бийлиги 5 миллион сом ажыратты. Бул сумма былтыркыга салыштырмалуу бир жарым эсеге көп. Бул тууралуу «Т-Медиа» мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркуловго шилтеме берүү менен жазды.

Шаардык казынадан бөлүнгөн каражат дизайнерлердин эл аралык көргөзмөсүн, кол өнөрчүлөрдүн фестивалын өткөрүүгө жана сармерден, КВНдерди уюштурууга жумшалат.

«Быйыл Ош шаарында алгачкы жолу эл аралык деңгээлдеги дизайнерлердин көргөзмөсү өтөт. Ага сегиз мамлекеттен катышуучулар келет, азырынча беш өлкө жооп берди. Орозо бүтүшү менен уюштурулат. Экинчи иш чарабыз — кол өнөрчүлөрдүн фестивалын өткөрөбүз. Былтыр Өзбекстанда Европа жана Азия өлкөлөрүнөн кол өнөрчүлөр келип, музейдин ичинде иш-чара өткөрүшкөн. «Ошол нерсени Ош шаарында кылсак болобу?» деп сүйлөштүк. Буга чоң каражат кетет. Бирок аябай чоң деңгээлде кыла албасак дагы, 70% кол өнөрчүнү алып келели деген ой болуп жатат. Сүйлөшүүлөр болду, өткөрөбүз. Андан сырткары жыл сайын «Көңүлдүү жигиттер» долбоорунун негизинде КВН болот. Анда Ош шаарынын мэринин кубогу берилет. Ошондой эле жогорку, орто окуу жайлар арасында сармерден уюштурабыз», -дейт Кадыркулов. 

Былтыр мэрия маданият башкармалыгына 3,5 миллион сом бөлгөн. Мекеменин маалыматы боюнча каражаттын баары концерттик маданий иш-чараларга жумшалган. Кызматкерлердин айлыгы республикалык бюджеттен каржыланат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Элдияр Кадыркулов

Комментарийлер

live comments feed...