13:45, 2023-ж., 22-март
"Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүсү болду
Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданында «Нооруз-2023» майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Таластын «Ынтымак» командасы көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп, аларга 1 млн сом байге берилди. Экинчи орунга «Сары-Өзөн» (500 миң сом), үчүнчү орунга «Достук» командасы (250 миң сом) татыды.
Оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.
Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 13-мартта башталган. Оюндар төрт лигада өтүп, ага 37 команда катышты. 1-лигада Жалал-Абаддын «Жаштык» командасы чемпион болду. Команда финалда Бишкектин «Четинди» командасын 7:2 эсебинде утуп алды.
2-лигада финалда Бишектин «Көк-Жал» командасы Чүйдүн «Кара-Балтасын» 5:1 эсебинде утту. 40 жаштан жогоркулар арасында «Жети-Дубан» командасы «Сары-Өзөндү» 4:3 эсебинде жеңди. 2-лиганын оюндары быйыл негизделди. Мелдештин байге фонду 7 млн. сом экени айтылууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер