14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 23-мартта Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасынын бир аз төмөндөшү мүмкүн. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…3, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан болуп, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 17…19 градус болот.
Комментарийлер