• Башкы бет
  • Ош мэрия Социалдык заказ долбоору боюнча арыздарды кабыл ала баштады
16:19, 2023-ж., 20-март

Ош мэрия Социалдык заказ долбоору боюнча арыздарды кабыл ала баштады

Ош мэрия Социалдык заказ долбоору боюнча арыздарды кабыл ала баштады

Ош шаардык мэриясы Мамлекеттик социалдык заказ долбоору боюнча эки багытта иш алып баруу үчүн коммерциялык эмес уюмдардын арызын кабыл ала баштады. Долбоорго коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн иш планын түзүп, катыша алат.

Биринчи долбоор «Ата-энелердин жаш балдарга карата эмдөөлөргө каршы чыгуусу» деп аталат. Мында арызы кабыл алынган уюмдар эмдөөгө каршы чыккан ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул үчүн 100 миң сом каралган.

Ал эми экинчи багыты  «Ош шаарындагы кургак учук, гепатит жана АИВ-КИВС (ВИЧ-СПИД) сыяктуу ооруларын алдын алуу» боюнча жарыяланган. Мында жугуштуу оорулардан сактануунун жол-жоболору менен жарандар менен иш алып барышат. Аталган иштер үчүн 300 миң сом Ош шаардык Кеңешинин бюджетинен бөлүнгөн.

Арыздарды тапшыруу бүгүн, 20-марттан  башталып, 13-апрелге чейин уланат. Мамлекеттик социалдык заказ долбоору 7 багытта иш алып барат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...