• Башкы бет
  • Ош шаарында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
16:08, 2023-ж., 20-март

Ош шаарында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Ош шаарында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Шахмат федерациясынын чечими Ошто биринчи жолу шахмат боюнча чемионат өтүп жатат.  Анда өлкөнүн 7 дубанынан чогулган 300гө чукул окуучу өз ара күч сынашууда.

Турнирди өткөрүү менен аймактарды өнүктүрүү жана шахматты эл арасында кеңири жайылтуу көздөлгөн. Мелдеш 9 айлампага чейин уланып, 27-мартта жыйынтыкталат. Оюнда 1-2-орунду жеңгендер шахмат федерациясынын курама командасына кабыл алынып, Азия чемпионатына жолдомо алат.

Республикалык мелдеш Ош гуманитардык педагогикалык университетинде уюштурулган. Ачылуу аземи бүгүн, 20-мартта болуп, ага федерациянын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  катышты

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шахмат

Комментарийлер

live comments feed...