• Башкы бет
  • "Кыргызнефтегаз" ишканасынын экс-төрагасы кармалды
11:24, -ж., 18-март

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын экс-төрагасы кармалды

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын экс-төрагасы кармалды

Улуттук коопсуздук кызматы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип кармалганын билдирди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

«Күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн  келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ошол эле учурда базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма бир литр мунай продуктылары үчүн беш сомду түзүп, ал айырмачылык «Кыргызнефтегаз» жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн төрт жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзсө, жетекчилик алмашкандан кийин акыркы эки жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашуун сумманы түзгөн.

«Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды. Шектүү менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн төрт адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды», -деп билдирди атайын кызмат.

Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргызнефтегаз

Комментарийлер

live comments feed...