• Башкы бет
  • Кыргызстан боюнча минералдык жер семирткичтер арзан баада сатылууда
11:22, 2023-ж., 18-март

Кыргызстан боюнча минералдык жер семирткичтер арзан баада сатылууда

Кыргызстан боюнча минералдык жер семирткичтер арзан баада сатылууда

Быйыл минералдык жер семирткичтер былтыркы баага салыштырмалуу 20-25 %га арзан сатылууда. Аны өлкөнүн бардык аймагынан тапса болот.

Кыргызстанда Өзбекстандан өндүрүлүп алынып келинген аммиак селитрасынын баасы 1кг үчүн 28-30 сом, карбамид 36-38 сом жана түндүк аймактарда аммиак селитрасы 30-32 сом/кг, карбамид 38-40 сом баада сатылып жатканын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин аймактык башкармалыгы билдирди. Бул баа былтыркыдан 20-25 %га арзан. 2023-жылдын 16-мартына карата республикада минералдык жер семиркичтер 40,2 миӊтоннанытүздү.Арзан жер семирткичтерди төмөндөгү номерлерге байланышып алса болот.

Ноокат району — жооптуу сатуучу Алмазбек — 0771 297 641

Араван району — жооптуу сатуучу Медербек — 0551 010 082

Кара-Суу району — жооптуу сатуучу Замир — 0778616961

Кара-Суу, Кашкар Кыштак — жооптуу сатуучу Урмат -0553 20 20 40

Өзгөн району — жооптуу сатуучу Нурлан — 0708 059 299, 0777 787 801

2022-жылы жер семирткичтер 43-53 сомго чейин сатылып, дыйкандар нааразычылыгын да билдиришкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Минералдык жер семирткичтер

Комментарийлер

live comments feed...