• Башкы бет
  • Гурбангулы Бердымухамедов Режеп Тайып Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады
13:25, 2023-ж., 17-март

Гурбангулы Бердымухамедов Режеп Тайып Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады

Гурбангулы Бердымухамедов Режеп Тайып Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады

Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде сүйлөп жатып, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал Түркмөнстан жакынкы келечекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) толук кандуу мүчөсү болот деген үмүтүн билдирди.

Бердымухамедов 2024-жылы Түркмөнстандагы Мерв (Мара) шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоону сунуш кылды.

Февралдагы жер титирөөлөр тууралуу айтып жатып Бердымухамедов Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин маанилүүлүгүн белгиледи. «Оор күнү биз бири-бирибизди колдошубуз керек, ошол күнү ошол жерде болушубуз керек», – деди.

Ал белгилегендей, ТМУга мүчө өлкөлөр сейсмикалык активдүү аймактарда жайгашкан. «Түрк өлкөлөрүндө сейсмикалык көзөмөл үчүн негиз салууну сунуштайм», — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары Бердымухамедов ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы энергоресурстарды камсыздоо боюнча абалды жакшыртууну сунуштады.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. Ал 2021-жылдын ноябрында Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттеринин уюму аталышын алган.

ТМУ курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Байкоочу катары Түркмөнстан жана Венгрия катышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нобель

Комментарийлер

live comments feed...