• Башкы бет
  • Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты
13:16, 2023-ж., 17-март

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын  жакындары нааразылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары нааразылык акцияга чыгышты.

Акция «Эркиндик жана адилеттик үчүн» деп аталып, катышуучулар сөз эркиндигине болгон басымды, тергөө абагында жаткандарды актоону, адилеттүү сот системасын түзүүнү талап кылышууда.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков ооруканада. Ал дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат. Ал эми Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкуловага операция жасалгандан кийин, дарыгердин тыюу салганына карабай 14-март күнү кайрадан ТИЗОго киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кемпир-Абад

Комментарийлер

live comments feed...