14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Курманжан-Датка МАБ менен биргеликте мыйзамсыз жарнак объекттерин демонтаждоо боюнча рейддерди өткөрүүдө.
Рейддин биринчи күнүндө шаардын Масалиев, Навои жана Тилеке Баатыр көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган 85ке жакын жарнактар алынып салынды.
Көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча 34 эскертүү берилди.
Комментарийлер