• Башкы бет
  • Meta корпорациясы 10 миң кызматкерин жумуштан кетирет
14:12, 2023-ж., 16-март

Meta корпорациясы 10 миң кызматкерин жумуштан кетирет

Meta корпорациясы 10 миң кызматкерин жумуштан кетирет

Facebook, Instagram социалдык тармактарына, Whatsapp, Messenger платформаларына ээлик кылган Meta Platforms корпорациясынын президенти Марк Цукерберг дагы 10 миң кызматкерди иштен бошотууга даярданып жатканын маалымдады.

Марк Цукерберг өз кайрылуусунда буга экономикалык жагдай түрткү болуп жатканын, кыскартуу процесси өтө оор өтөрүн белгилеген. Ошондой эле учурда зарыл делген 5 миң бош орунга жумушчу-кызматкер алуудан баш тартканын билдирген.

Кыскартуу алгач жумушчуларды кабыл алуу бөлүмүндө, апрель айында техникалык бөлүмдө, май айында бизнес башкармалыктарында, жетекчиликтерде жүргүзүлөт.

2022-жылы Metaнын кирешеси бир топ азайып кеткен. Буга байланыштуу былтыр ноябрь айында 11 миң жумушчу-кызматкерди иштен кетирүүгө аргасыз болгон.

Айта кетсек, буга чейин Google, YouTube компанияларын башкарган Alphabet компаниясы да 12 миң жумушчу-кызматкерин кыскарткан. Ал эми Amazon 18 миң иш орунун кыскартарын жарыялаган.

Атайын иликтөөлөргө таянып айтсак, 2023-жылы IT тармагында 123 миң иш орун кыскарышы мүмкүн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мета

Комментарийлер

live comments feed...